Өз убагында чекаптан өтүү өмүрдү сактайбы?
Маметазим уулу Маметназар
«Авиценна» клиникалар тармагынын башкы дарыгери, терапевт, пульмонолог, гастроэнтеролог, кардиолог.
Тажрыйбалуу дарыгер үзгүлтүксүз медициналык чекаптын ооруларды эрте аныктап, дарылоону жеңилдетүүдөгү маанилүү ролу тууралуу бөлүштү. Ал чекаптардын ар кандай түрлөрүн айтып, ден соолукту сактоо үчүн өз убагында текшерүүдөн өтүүнү сунуштады.
«Авиценна» клиникалар тармагынын башкы дарыгери, терапевт, пульмонолог, гастроэнтеролог, кардиолог Маметазим уулу Маметназар ден соолукту сактоодо үзгүлтүксүз чекаптардын маанилүүлүгү боюнча өз байкоолору менен бөлүштү.
Алгач ал реанимация бөлүмүндө иштеп, оор абалдагы бейтаптарды к абыл алган. «Авиценна» клиникасында иштей баштагандан кийин, жеке клиникаларга көбүнчө оорулардын жеңил стадиясы менен же профилактикалык текшерүүдөн өтүү үчүн кайрылышарын байкаган.
Көп өтпөй ооруларды эрте баскычында дарылоо жеңилирээк экенин түшүнгөн. Дарыгер эрте аныкталганда дарылоого мүмкүн жана жеңил болгон айрым оорулардын мисалдарын келтирди. Ошондой эле доктор Маметназар ар кандай чекап түрлөрүн сүрөттөп берди, алардын арасында турмушка чыгаар же үйлөнөр алдында өтүүсү сунушталган текшерүү да бар.
Биз дарыгердин сунуштары баарына пайдалуу деп ишенебиз, анткени ийгилик ден соолуктан башталат!
Medcheck – ден соолук дегенде жылмайтат!