MedShare
18 февраля, 2025

Эрте балалыкта экрансыз чөйрө: дени сак жана бактылуу келечек үчүн - III бөлүм

Исламова Зарипа

"Эффект интерактив" бала бакчаларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, филолог-педагог, "Дарак" басма үйүнүн котормочусу.

Жыйырма жылдан ашуун тажрыйбасы бар педагог балдардын интернетке көз каранды болбостон, аны туура пайдалануу аркылуу коопсуздугун жана ден соолугун сактоо канчалык маанилүү экенин белгиледи.

Исламова Зарипа"Эффект интерактив" бала бакчаларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, филолог-педагог, үч кыздын мээримдүү апасы. Ал жыйырма жылдан бери ар кандай жаш курактагы балдар менен иштеп, алардын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн терең изилдеп келет. Жети жылдык тажрыйбасы мектепке чейинки билим берүүгө арналган, ал эми өспүрүмдөр (15 жашка чейин), жаштар (18 жашка чейин) жана студенттер менен да үзүрлүү иштеген.

Анын жетекчилиги алдында бала бакчада ар бир баланын өнүгүүсү тыкыр көзөмөлгө алынып, мүмкүн болгон артта калуулар жана өзгөчөлүктөр үзгүлтүксүз талданып турат. Бул ыкма ар бир балага жекече мамиле жасоого жана алардын потенциалын ачууга мүмкүндүк берет.

Заманбап дүйнөдө интернет чексиз мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Ал маалымат алмашуу, байланышуу, билим алуу жана соода кылуу үчүн кеңири колдонулат. Бирок, интернеттин пайдасы менен катар анын терс таасирлери да бар. Балдардын санариптик дүйнөдө коопсуздугун камсыздоо ата-энелердин жана коомдун негизги милдети болуп саналат. Бул макалада балдардын интернетти туура колдонушу, экран алдында өткөргөн убакыттын таасири жана коопсуздукту камсыздоо жолдору каралат.

Балдар жана гаджеттер: чектөөлөр жана өнүгүү

Экран алдында өтө көп убакыт өткөрүү балдардын физикалык жана психологиялык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Адистердин айтуусу боюнча: 1-2 жаштагы балдарга экран көрүүгө тыюу салынышы керек. Бул жашта баланын дүйнөнү таануу процесси ата-эненин жардамы менен, жандуу баарлашуу аркылуу жүргүзүлүшү зарыл. 3-5 жаштагы балдар видео материалдарды ата-эненин көзөмөлүндө гана көрүп, бир күндө 30-40 мүнөттөн ашырбоо сунушталат. Мектеп жашындагы балдар экран алдында бир күндө 1-1,5 сааттан ашык убакыт өткөрбөшү керек жана аралыгында көзгө, денеге эс алуу үчүн башка иш-аракеттерди жасоо маанилүү.

Эрте жаштагы балдар үчүн экрандын зыяны

Бул жашта балдар чыныгы жашоо менен виртуалдуу дүйнөнү айырмалай албай калат. Интернетти ашыкча колдонуу төмөнкү көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн:

  • Сезимдик жана эмоционалдык бузулуулар;
  • Сүйлөө кебинин начар өнүгүшү;
  • Агрессивдүү жүрүм-турум жана тамакка табиттин жоголушу;
  • Көрүүнүн начарлоосу жана психологиялык оорулардын пайда болушу;
  • Санариптик аутизмдин белгилери (бала сырттан келген үндөргө реакция кылбоо, коомдук чөйрөгө аралашпоону каалабоо ж.б.).

Баланын интернетке көз карандылыгын кантип байкоого болот?

  • Тамак ичүүгө чакырганда, телефону менен кошо келет;
  • Үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшпөйт, атынан чакырганда жооп бербейт;
  • Сыртта достору менен ойноого кызыкпайт, виртуалдуу жашоону артык көрөт.

Кооптуу интернет кампаниялары жана онлайн бузуулар

Бүгүнкү күндө интернетте ар кандай коркунучтуу оюндар жана зыяндуу контенттер бар. Мисалы:

  • Балдарды коркунучтуу иш-аракеттерге түрткөн оюндар ("Көк кит", "Жалгыз үй" ж.б.);
  • Кибербуллинг (интернетте кемсинтүү, басмырлоо);
  • Суицидге түрткөн интернет топтор.

Интернетти туура колдонуу жана санариптик сабаттуулук

Санариптик сабаттуулук – бул балдарды интернетти коопсуз жана эффективдүү пайдаланууга үйрөтүү. Ата-энелер төмөнкү эрежелерди карманышы керек:

  • Гаджет колдонуу максатын аныктоо: бала интернетти кандай максатта колдонуп жатканын түшүнүү.
  • Убакытты чектөө: белгиленген убакыттан ашпашы үчүн алдын ала эскертип туруу.
  • Кооптуу кырдаалдарды түшүндүрүү: интернеттеги шектүү контенттерден, кооптуу байланыштардан оолак болуу жолдорун үйрөтүү.
  • Башкалардын гаджеттерин колдонбоо: балдарга өздүк маалымат коопсуздугу тууралуу түшүнүк берүү.
  • Жеке маалыматтарды коргоо: интернетте өздүк жана үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарды бөлүшпөө.

Ата-энелер үчүн негизги кеңештер

  • Балаңыздын интернетте эмне көрүп жатканын билип, көзөмөлдөө;
  • Балдар менен биргеликте пайдалуу контенттерди көрүү, сабак окуу;
  • Электрондук түзүлүштөрдү колдонуу эрежелерин белгилеп, инсандык баалуулуктарды үйрөтүү;
  • Интернетти туура колдонуу боюнча үлгү болуу.

Санариптик доордо интернет – жашоонун ажырагыс бөлүгү. Бирок, ал бизге эмес, биз интернетке ээлик кылуубуз керек. Балдардын коопсуздугун жана ден соолугун коргоо үчүн ата-энелер жана коом биргелешип иш алып баруусу зарыл. Интернетти пайдалуу курал катары колдонуп, анын терс таасирлеринен оолак болуу – ар бир ата-эненин негизги максаты болушу керек.