Эрте балалыкта экрансыз чөйрө: дени сак жана бактылуу келечек үчүн - (II бөлүм)
Жантаева Ажара Канатбековна
Көз дарыгери, офтальмохирург
Экранга өтө жакын кароо, узак убакыт колдонуу жана жетишсиз жарыктык балаңыздын көрүүсүнө олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Балдар көздөрүнүн чарчаганын же бүдөмүк көрүп жатканын ар дайым байкап же айтып бере алышпайт. Санарип доорунда көрүү ден соолугун сактоо үчүн ата-энелер эмне кылыш керек? Бул боюнча тажрыйбалуу офтальмолог өзүнүн пайдалуу кеңештери менен бөлүшөт.
Жантаева Ажара Канатбековна, көз дарыгери, офтальмохирург, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн офтальмологдор ассоциациясынын мүчөсү, гаджеттердин балдардын көрүүсүнө тийгизген терс таасири жана аны алдын алуу жолдору жөнүндө баяндайт.
Заманбап технологиялар жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Компьютерлер, планшеттер, смартфондор жана башка электрондук түзүлүштөр билим алуу, өнүгүү жана көңүл ачуу үчүн пайдалуу. Бирок, аларды ашыкча колдонуу балдардын көзүнүн саламаттыгына олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
Гаджеттер жана көрүү ден соолугу
Статистикага ылайык, өнүккөн өлкөлөрдө калктын 90%га жакыны ар кандай көрүү көйгөйлөрүнө дуушар болушат. Алардын катарында миопия (алысты көрбөө), кургак көз синдрому жана компьютердик көрүү синдрому (CVS) бар. Гаджеттерди өтө көп колдонуу бул көйгөйлөрдүн күчөшүнө өбөлгө түзөт.
Компьютердик көрүү синдрому (CVS) – бул узак убакытка чейин экранды карап иштегенде же ойной бергенибизде пайда болгон симптомдордун жыйындысы. Бул синдром балдарда да, чоңдордо да кездешет. Анын негизги себептери – көздүн өтө чыңалышы, экрандын туура эмес жайгашуусу жана жарыктын жетишсиздиги.
Көздүн зыянын артырган факторлор
Гаджеттерди колдонууда төмөнкү факторлор баланын көрүүсүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн:
- Экран менен көздүн ортосундагы туура эмес аралык. Туура аралык сакталышы керек:
- Телефон же планшет – 30-35 см
- Компьютер – 50-60 см
- Телевизор – 2-3 метр
- Жетишсиз жарыктандыруу: экрандын өтө жарык же өтө караңгы болушу көздүн чарчашына алып келет.
- Кичинекей экрандуу түзүлүштөр: мындай гаджеттер көздүн чыңалышын күчөтөт.
- Гаджеттерди ашыкча колдонуу: экранды узак убакытка карап туруу көздүн кургашына жана бүдөмүк көрүнүшкө алып келет.
Компьютердик көрүү синдромунун белгилери
Балдарда бул синдром төмөнкү белгилер менен мүнөздөлөт:
- Көздүн чарчашы жана кызарышы;
- Көрүүнүн бүдөмүк болушу;
- Жарыкка өтө сезимталдык;
- Көздүн кычышуусу жана кургактыгы;
- Көздөн ашыкча жаш агуу.
Гаджеттерди колдонуу эрежелери
Балдардын көрүүсүн коргоо үчүн ата-энелер жана мугалимдер төмөнкү эрежелерди сакташы керек:
- Гаджетти 15-20 мүнөттөн ашык колдонбоо;
- Көз менен экрандын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоо;
- Жетиштүү жар ыктандыруу шарттарын камсыз кылуу;
- Көздүн эс алуусуна шарт түзүү.
Көздүн ден соолугун колдоо
Балдардын көрүүсүн сактоо үчүн төмөнкүдөй адаттарды киргизүү сунушталат:
- Туура тамактануу: көздүн нормалдуу иштеши үчүн A, C, E витаминдери, цинк жана лютеинге бай азыктарды колдонуу;
- Жетиштүү уйку: балдар 8-10 саат, өспүрүмдөр 7-8 саат уктоосу керек;
- Физикалык активдүүлүк: денедеги кан айланууну жакшыртуу көздүн саламаттыгына да пайдалуу;
- Көздү коргоочу атайын көз айнек колдонуу: көк жарыкты чыпкалоочу линзалар же көз айнектер көздү коргоого жардам берет.
Көз көнүгүүлөрү
Гаджет колдонгондо ар 15-20 мүнөт сайын көзгө эс берүү керек. Төмөнкү көнүгүүлөр сунушталат:
- Көз ирмеп туруу;
- Алыска көз чаптыруу;
- Көздү айлантып көнүгүү жасоо;
- Кабактарды жеңил массаж кылуу.
Гаджеттер заманбап билим берүү жана өнүгүү процессинде чоң роль ойнойт. Бирок, аларды туура эмес же ашыкча колдонуу балдардын көрүү ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Ата-энелер жана мугалимдер балдардын экран алдында өткөргөн убактысын көзөмөлдөп, алардын көз саламаттыгына кам көрүүсү абзел. Убакытында офтальмологго кайрылып, алдын алуу чараларын колдонуу – келечек муундун ден соолугу үчүн маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Medcheck – ден соолук дегенде жылмайтат!